Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

 Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө төраганын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу келечек ээлери!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден кутуктайм!

Бүгүнкү майрам балдардын келечегине кам көрүп, өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоого жалпы коомчулуктун көңүлүн бурдурууну максат кылган күн. Бирок келечек ээлери бир күн эле эмес, ар дайым мамлекеттин, коомдун, ата-эненин жана жакындарынын камкордугунда болуусу абзел. Албетте, мамлекетибиз өсүп келе жаткан жаш муундун бактылуу жана коопсуз жашоосуна, сапаттуу билим алуусуна, ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Анткени Ата Мекенибиздин эртеңи, мамлекетибиздин кубаттуулугу келечек ээлеринен көз каранды.

Ардактуу замандаштар!

Күн эмес, саат сайын дүйнө өзгөрүп, ааламдашуунун арышы арбып жаткан учурда келечек ээлери ар тараптуу өнүгүп, мээримге чулганып, жакшы тарбия жана өзгөчө камкордук менен чоңоюшу зарыл. Тилекке каршы, акыркы учурларда коомубуздан аялына зомбулук көрсөтүп, ал тургай өлтүрүп, балдарын энесиз калтырган зөөкүрлөр чыгууда. Мындан тышкары, көчөгө ташталган наристелер, балдар үйүндө калган чүрпөлөр да жыл сайын көбөйүп барат. Андыктан мындай жосунсуз жоруктардын алдын алыш үчүн үй бүлө институтун бекемдеп, ар бир ата-эненин балдарынын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатышыбыз керек.

Балдарга карата зордук-зомбулук түп тамырынан жоюлуп, келечек ээлерине жасалган кыянаттык жок кылынышы зарыл.

Келгиле, баланы, энени, атаны, жалпылап айтканда үй бүлөнү барктай турган коом түзөлү! Келечегибизге кедергисин тийгизген кесепеттерди азайталы. Балдар арасында чоң муштумдуулук эмес, терең билим алуу атаандаштыгын жараталы! Булардын баары аракет кылсак, албетте колдон келет!

Кымбаттуу жаш досторум жана бөбөктөрүм!

Силер жашообуздун көркү, өлкөбүздүн эртеңки жаркын келечегисиңер! Кыргыздын уучу куру эмес. Алдыда араңардан ааламга аты таанылган илимдин, адабияттын, маданияттын, искусствонун, спорттун мыктылары чыгарына ишенебиз. Максатты бийик коюп, терең билим алууга умтулгула! Улууну урматтап, ата-энеңерди сыйлагыла. Баарыңарга узун өмүр, чың ден соолук, кең келечек каалайм. Майрамыңар кут болсун!”

Связанный пост