Жогорку Кеңештин төрагасы Евробиримдиктин БА боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланып, алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Нурланбек Тургунбек уулу алгач Эдуардс Стипрайсты биримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктап: “Мурда да бул чөлкөмдө иштеп, зор тажрыйба топтогон, дасыккан дипломат катары Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүп, аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшөсүз деген терең ишеничтемин”, – деди.
Ошондой эле Кыргызстан Европа биримдигине кирген бардык өлкөлөр менен өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар экендигин белгилеген төрага: “Биз ачык диалогго жана конструктивдүү кызматташууга ар дайым даярбыз”, – деп кошумчалады.
Муну менен катар эки тараптуу жана Европа биримдиги+Борбор Азия форматындагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу алдыда дагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана керектүү долбоорлорду ишке ашыруу сунушун берди.
Андан тышкары, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана аларга жагымдуу шарттарды түзүү маселесине да токтолгон төрага квалификациялуу жумушчуларга иштөө жана убактылуу жашоого уруксат алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасын түзүү зарыл экенин айтып: “Аталган багытта кыргызстандыктар үчүн виза маселеси боюнча жеңилдиктерди карап чыгууну сунуштайм”, – деди.

Жолугушууда Кыргызстанга карата чыгарылган айрым рейтингдик чечимдер жана айтылган пикирлер суроо жаратарын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Биз демократиялык принциптерди бекем карманып, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл буруп келебиз. Айрыкча кыргыз парламенти ачык-айкындуулугу менен айырмаланып, жыйындарыбыздын бардыгы ачык өткөрүлүп келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө толук катышуу жана чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилип, алар депутаттарга жыйын учурунда да, жыйындан тышкаркы мезгилде да каалаган суроолорун бере алышат. Мындай мүмкүнчүлүк парламентаризмдин очогу саналган алдыңкы өлкөлөрдүн парламентинде да жок. Сырттан эле баа бере бербей, келип көрүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө жана жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга да көңүл бурууга чакырар элем”,-деди ал.

Өз кезегинде Эдуардс Стипрайс атайын өкүл катары жасай турган иштери тууралуу сөз кылып, анын ичинен Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жакшы билем. Биз тоо-кен, кайра иштетүү тармактарына инвестиция тартып, жумуш орундарын түзүү багытында иш алып барууну көздөйбүз. Мындан тышкары, Европанын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатында да кызматташуубуз кажет”, – деди.

Баарлашуу маалында тараптар аталган багыттагы айрым маселелерди чечүү боюнча ой бөлүшүп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жаатындагы сунуш-пикирлерин айтышты.

Связанный пост