Жогорку Кеңештин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди
КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 9, 30-беренелерине ылайык парламенттин түзүмү каралды.
Аталган маселени кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйыны Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны режимине өттү.
Эске салсак, депутаттар Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин төрагалыгына депутат Улан Примовду шайлашкан. Комитеттин жыйынында парламенттин түзүмүнүн долбоору жактырылып, депутаттар Жогорку Кеңештин жыйыны режимине кайтышты.
Алсак, парламенттин түзүмүнүн долбоорунда: Төрага, анын биринчи орун басары жана эки орун басарлары, ошондой эле 8 тармактык комитет каралган.
Атап айтканда:
– Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
– Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
– Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети;
– Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;
– Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
– Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети;
– Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;
– Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.
Депутаттар парламенттин түзүмүнүн долбоорун бекитишип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун кабыл алышты.