Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда шайлоочулар менен иштешет
Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, “Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” токтом долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан тартып 10-январын кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.