Жогорку Кеңеште жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү талкууланды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы угулду.

Бул багытта депутаттарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берди. Анын маалыматында, быйыл пайдаланбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң га кыскарып, 35,7 миң гектарга чейин азаят. Башкача айтканда, 2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң га түзүп, өткөн жылга карата 3,3 миң гектарга көп пландалды.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков аймактарда суткалык жөнгө салуучу бассейндерди, чакан суу сактагычтарды куруу, ошондой эле ирригациялык каналдарды реконструкциялоо зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Балбак Түлөбаев сугат сууну пайдалануу тартибин жөнгө салуу, бул багыттагы тарифтерди түзүү маселесин тактады.

Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун негизинде дыйкандарга насыя берүү шарттарын жеңилдетүүгө, ашыкча бюрократияны жоюуга чакырды. Депутаттар Бакытбек Марипов жана Акылбек Түмөнбаев ички суу каналдарын тейлөө жана оңдоп-түзөө маселелерин көтөрүштү.

Депутат Алишер Козуев Суу пайдалануучулар ассоциацияларын айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүп берүү керектигин айтса, депутат Кундузбек Сулайманов асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында фермерлерге насыя берүү жана башка колдоо чараларын күчөтүүнү сунуштады.

Муну менен катар эл өкүлдөрү Чыңгыз Ажибаев, Камила Талиева айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Депутат Азизбек Турсунбаев 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу маселесин ортого салып, анда каралган ирригациялык объекттердин курулушун бүткөрүү керектигин кошумчалады.

Депутат Нурланбек Азыгалиев 2017-2019-жылдары Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагына суу менен камсыз кылуу системасын орнотуу үчүн 170 млн сом бөлүнгөнүн эске салып, бул долбоорду аткарган «Минур» компаниясы өз ишин сапатсыз жүргүзгөнүн сынга алды.

Депутат Айсара Абдибаева ветеринардык көзөмөл системасын калыбына келтирүү, лабораторияларды ачуу маселесине токтолсо, эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов Памир-Алай айыл аймагындагы каналды реконструкциялоону табыштады. Депутат Алтынбек Кылычбаев Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан тышкары, депутат Нурбек Сыдыгалиев климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарынын тартыштыгы тууралуу сөз кылып, бул жаатта анализ жүргүзүү менен суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин куруу керектигин айтты.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды ѳткѳрүүгѳ карата даярдыктын жүрүшү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Связанный пост