Жогорку Кеңеште Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо боюнча бир катар эл аралык келишимдер каралды
Бүгүн, 11-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого алынды. Алардын ичинде:
- «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»,
- «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»,
- «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу».
Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев маалымат берди. Ал белгилегендей, долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр-Талас-Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 млн АКШ долларын түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 млн АКШ доллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.
Талкууда, депутат Руслан Жакышев жол куруудагы сапатка өзгөчө көңүл бурууга токтолуп, Суусамыр-Талас-Тараз жолун IV фазасындагы курулуш иштеринин башталышын тактады. Ошол эле учурда, депутат жол салууга алынган карызды кайтаруу процесстерине, курулуштагы тендерлерге көңүл бурду. Быйылкы жылдын пландык титулуна киргизилген жолдордун курулушу башталбай жатканы тууралуу маселени көтөргөн депутат Айсаракан Абдибаева, Жалал-Абад облусунун Кербен, Кош-Дөбө унаа жолундагы абалды айтты. Чыңгыз Ажыбаев Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында курулуучу жолдордун тизмегин тактап, сапатка көңүл бурууга чакырды. Депутат Кубанычбек Самаков долбоордун аткарылышында консультативдик кызматтарга жана көзөмөл жүргүзүүчүлөргө берилүүчү чыгымдарды тактап, жолдун сапатына байланыштуу алардын да жоопкерчилигин сурады. Депутат Улукбек Ормонов эгемендик жылдарында жол курууга сырттан алынган карыздардын суммасын тактады, ага министр Тилек Текебаев 1996-жылдан баштап, 2 млрд 351 млн АКШ доллары өлчөмүндө карыз, 305 млн доллар грант алынган – деген жообун берди.
Мындан сырткары, депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорлорун колдоого алып, эл аралык 3 фонддон алынган каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жол салууга чакырды. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Мырзаке-Алайкуу унаа жолунун татаалдыгын министрди өзүн барып, көрүп келүүгө чакырды. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Нуржигит Кадырбеков Алайкуу өрөөнүнө баруучу жолду реконструкциялоо пландарын сурады. Депутат Султанбай Айжигитов Баткен облусунун Зардалы, Кайыңды айылдарына баруучу жолдун маселесин айтып, стратегиялык жолдун кооптуу участкаларын ондоо иштерине көңүл бурду.