Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши жана реформалар талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Анда парламенттин ишмердүүлүгүнө жана мыйзам чыгаруу ишине байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Жогорку Кеңеш өлкөдөгү негизги бийлик бутагы экенин, мыйзамдардан тышкары, мамлекетке керектүү реформалар, тиешелүү долбоорлордун баары парламенттин кароосунан өтмөйүнчө ишке ашпай турганын белгиледи.

“Башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү да парламенттин кароосунан өтүп, андан кийин гана бекитилет. Андыктан, аталган маселеге астейдил көңүл буруп, ар бир орган өзүнүн милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүнүшү керек”, – деди ал.

Муну менен катар мыйзам чыгаруу ишиндеги айрым жагдайларга токтолгон төрага тармактык комитеттер сунушталган долбоорлорду ийине чыгара талкуулап, андан соң гана жалпы парламенттин кароосуна киргизиши керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште ачык-айкындуулук жана сөз эркиндигин бекем сакталарын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу депутаттар кандай маселе болбосун пикирин ачык айтып, жыйындардын бардыгы түз эфирде коомчулукка көрсөтүлө берерин кошумчалады.

Связанный пост