Жогорку Кеңеште абаны жакшыртуу багытындагы мыйзам долбоору каралды

 Жогорку Кеңеште абаны жакшыртуу багытындагы мыйзам долбоору каралды
Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова белгилегендей, макулдашуунун максаты абанын сапатын жакшыртуу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле турак үйлөрдү таза экологиялык каражаттар менен жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.
Министрдин орун басарынын айтымында, абаны жакшыртуу долбоорунун жалпы суммасы 50 млн АКШ долларын түзөт. Макулдашууга ылайык насыя 0% жеңилдетилген ставка менен 50 жылдык мөөнөткө берилет.
Сунушталган долбоор Коомдук саламаттык сактоо, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу, эмгек өндүрүмдүүлүгү, жакырчылыкты кыскартуу, иш менен камсыз кылуу, адам капиталын өнүктүрүү жана өлкөдө жашыл өсүш көз карашынан пайдалардын кеңири спектрин алып келери күтүлүүдө.
Талкуу учурунда депутат Гуля Акматкулова долбоордун каржылоосунда консультациялык кызматтарга каралган чыгымдарга көңүл бурду. Депутат Эльдар Абакиров келишимдин негизинде курулуучу жаңы лабораториянын чыгымдарын сурап, анын иш багыттарын тактады. Эл өкүлү Жалолидин Нурбаев Бишкек шаарынын аймагында отургузулган көчөттөрдүн кароосуна кайрылып, 50% көчөттөр куурап калганын белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков долбоордун алкагында жаңы конуштарга орнотулуучу жылуулук насосторун сурап, анын натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл бурду.

Связанный пост