«Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды

 «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды
«Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кенешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.
Токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев белгилегендей, токтом долбоору ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, төмөнкү чаралар каралган: бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу; сүттү сатып алууга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизмин аныктоо; ар бир жылга баа макулдашуусу чийки сүттүн литрине сүттүн сатып алуу баасын 40 сомдон кем эмес белгилөө шарттарында жүзөгө ашыруу; чийки сүттүн сатып алуу баасы тоют базасына болгон рыноктук бааны эсепке алуу менен ар жыл сайын түзөө.

Связанный пост