Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

 Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

 

Сессия “суроо-жооп” форматында өттү.

 

Талкуу маалында депутаттар Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар сунуштарын беришти.

 

Алсак, депутат Дастанбек Жумабеков бюджеттин күтүлүп жаткан профицити боюнча оң пикирин айтып, Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

 

Ал эми эл өкүлү Айбек Осмонов республика боюнча социалдык объектилерди куруу долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында мамлекеттик курулуш агенттигинин статусун министрликтин деңгээлине көтөрүү маселесин кароону Министрлер кабинетине сунуштады.

 

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу району өлкөдөгү калктын саны боюнча эң чоң аймактардын бири экенин айтып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай куруу зарылдыгына көңүл бурду.

Андан сырткары, эл өкүлү Марлен Маматалиев парламенттик делегациянын Мамлекеттик Думага болгон иш сапарынын жыйынтыгына токтолду. Тактап айтканда, ал россиялык кесиптештер Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө уруксат берүү боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоорун билдирип: “Муну менен катар, алар айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнүн жол-жобосун катаалдаштыруу менен бирге, жасалма күбөлүктөргө каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгилешти”, – деген М.Маматалиев Министрлер кабинетин тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.

 

Депутат Улугбек Ормонов мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгын эске салып, келерки жылдын бюджетинин долбоорунда мектептердин чарбалык муктаждыктары үчүн каражаттар камтылганбы деген суроону койду. Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев бул максаттарга 2024-жылга кошумча 137 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

 

Талайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйындарында бюджеттин долбоорун кароодо капиталдык курулуштар боюнча толук жоопторду алганын белгилеп, ошондой эле элдин саламаттыгын сактоо боюнча бир катар маселелерди көтөрдү. Анын ичинен, эл өкүлү жаштар арасында вейп, IQOS жана башка электрондук тамеки тартуунун, энергетикалык ичимдиктердин зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү табыштады.

Депутат Мейкинбек Абдалиев учурда жарандарга электрондук кол тамга жеке компания тарабынан берилип жатканын сындап, бул ишти мамлекеттик ишкана колго алса, ошого жараша киреше мамлекеттик бюджетке түшүп турмак деген пикирин билдирип, өкмөттү бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

 

Депутат Чолпон Султанбекова кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөнү сунуштады.

Связанный пост