Кыргызстанда 71,2 миң кассалык-контролдук машина колдонулууда

 Кыргызстанда 71,2 миң кассалык-контролдук машина колдонулууда

Кыргызстанда 71 миң 296 контролдук-кассалык машина колдонулууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүрүүдө.

 

“Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды сатып алуунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Өлкөдө ККМдин реестри түзүлүп, ага 33 модели кирди”, – деди ал.

 

Абдувапов ишкердик субъектер үчүн ККМ алуунун максималдуу жеткиликтүү шарттарын жайылтуу жана берүү максатында бир катар банкттар (“Айыл банк”, “РСК банк”, “Керемет банк” жана Мбанк) РOS-терминал функциясы камтылган гибриддик ККМ аппараттын жайылтуу иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Связанный пост