Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды
Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Алсак, жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору; Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору колдоо тапты.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, анда комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорлорун карап, үч окууда колдошту.