Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын жылдык отчетун жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету угулду.
Аталган маселе боюнча Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов баяндама жасап, 2024-жылы аткарылган иштерге, мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарына токтолду.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева жыл сайын мамлекеттик органдарда, айрыкча министрликтер менен айыл өкмөттөрүндө бир эле мүнөздөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталып жатканын айтып, каржылык тартипти бузган жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.
Ал эми эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасын тактап, Бишкек шаардык мэриясында эле 4 млрд сомдон ашкан мыйзам бузуулар катталганын билдирди. Ага ылайык, эл өкүлү прокуратура органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан тышкары, депутат Гуля Кожокулова Финансы министрлиги жылдан жылга каржылык мыйзам бузуулар боюнча алдыңкы орунда келе жатканын белгилеп, өлкөнүн башкы каржы органы катары ал каржы тартибин так сактап, бюджеттик каражаттарды максатсыз жана мыйзамсыз пайдаланууга жол бербеши керектигин белгиледи.
Депутат Бактыбек Чойбеков Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды жоюу багытында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кызыкты.
Жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету жактырылды.