Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

 Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун сунушу каралды.

 

Талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Д.Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

 

Өз кезегинде Д.Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды улантууга болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Анын ичинен, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү – башкы максат экенин айтты.

 

Талкуу маалында депутаттар алгач билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Андан соң Д.Кендирбаеванын алдында мезгил талабына жооп берген билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер турганын айтышты. Жана ал ар бир адам үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болууга тийиш экенин кошумчалашты. Депутаттар мектептердеги китептердин жетишсиздиги көйгөйүнө өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Алсак, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков өлкөдөгү педагогикалык кадрлардын, өзгөчө орус тили мугалимдеринин жетишсиздиги тууралуу сөз кылып, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында мугалимдерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарын берди.

 

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев замандын талаптарына ылайык жана өлкөдөгү билим берүүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен көп тилдүү билим берүү системасын киргизүү тууралуу пикирин билдирсе, эл өкүлү Карим Ханджеза республикадагы орус мектептерин кыргыз тили боюнча окуу куралдары менен камсыз кылуу маселесине токтолду.

 

Депутат Эмил Жамгырчиев ырааттуулуктун жоктугу, министрлердин бат-бат алмашып турушу бүтүндөй билим берүү тармагына зыян келтирип жатканын айтты. Андыктан эл өкүлү Д.Кендирбаеваны ишти популисттик реформалардан эмес, мектеп инфратүзүмүн өнүктүрүүдөн, билим берүү стандарттарынын мазмунун жакшыртуудан баштоого чакырды.

 

Ал эми эл өкүлү Кундузбек Сулайманов узак мөөнөттүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу, билим берүүнүн заманбап ыкмаларын колдонуу маселелерин ортого салды.

 

Депутат Алишер Козуев мугалимдик кесиптин кадыр-баркын, айлыгын көтөрүү жана башка ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүүнү сунуштаса, эл өкүлү Сеидбек Атамбаев мектеп окуучуларын эркин форма кийүү мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.

 

Өз кезегинде депутат Камила Талиева өлкөбүздүн экономикасын жакшыртууда билим жана илим тармагын өнүктүрүү негизги ролду ойноорун белгилеп: «Учурда Кыргызстан илимди өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 124-орунда турат, бул биздин алдыбызга олуттуу милдеттерди коюп жатат. Ошондой эле илимди өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын 90%ы илимий кызматкерлердин эмгек акысына жана коммуналдык чыгымдарга эле кетип калат», – деген К.Талиева бул тармакка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Депутат Миргүл Темирбаева аймактарда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, мисал катары Баткендеги мектеп жашына чейинки балдар менен иштөөгө адистешкен логопед, дефектолог, психологдор сыяктуу адистердин жетишсиздигин келтирип: «Бул жагдай толук кандуу билим берүү процессине тоскоолдуктарды жаратып, балдардын өнүгүү потенциалын чектеп коюшу мүмкүн», – деди Миргүл Темирбаева.

 

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

 

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Связанный пост