Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын карады

 Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын карады

Жогорку Кеңештин жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президент статусун калыбына келтирүү боюнча А.Акаевдин арызы каралды. Бул тууралуу коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.

Ал белгилегендей, комитет А.Акаевдин арызын эске алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө А.Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштоодо.

Жогорку Кеңеш бул чечимди колдоп, А.Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу парламенттин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

 

Связанный пост