Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду

 Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду
Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылышы болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.

Связанный пост