ЖКККББ: Тез жардам кызматынын айдоочулары менен ыкчам кеңешме өткөрүлдү

 ЖКККББ: Тез жардам кызматынын айдоочулары менен ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Тез жардам кызматынын айдоочулары менен ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу тез жардам кызматынын жана автобазасынын өкүлдөрүнүн, жеке лаборатория жана жеке тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

 

Анда Коопсуз шаар долбоору аркылуу аныкталган тез жардам унаасынын жол эреже бузуу фактылары жана ага салынган айып пулдары, алар катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, кээ бир айдоочулар тарабынан тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп бара жаткан учурда жол бошотуп бербеген айдоочуларга карата “Маяк” аттуу рейдтерди өткөрүү, ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн чыгарылган жана жокко чыгарылган токтомдор боюнча аныкталган ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча айрым укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү менен толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш-пикирлерди даярдоо маселеси каралды.

Связанный пост