Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстандын жана Казакстандын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек үстөлүнө катышты

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек үстөлүнүн ишине катышты.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарына (Казакстан Республикасына) расмий сапарынын алкагында өттү.

 

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө кыргыз-казак кылымдардан бери жалпы маданий, адабий жана тарыхый байланыштары менен бириккен боордош эл экенин белгиледи. Эки элдин бир туугандык, достук жакындындыгынын негизи сүйлѳшкѳндѳ бири-бирин котормочу жок эле түшүнүшүндѳ, жашоо маданиятынын окшоштугунда. Ушундан улам эки элдин оозеки чыгармачылыгында, тарыхында, акындар поэзиясында, адабияттык дѳѳлѳттѳрдѳ орток ойлор, бирдей жанрлар, бирдей тематикалар, акын-ырчылардын ѳнѳр байланыштары арбын учурайт.

 

Мамкатчы эки элдин адабий байланышы көрүнүктүү ойчулдар Кожа Ахмет Яссави, Жусуп Баласагын жана эки элдин төкмө акындары Токтогул, Осмонкул, Калык, Алымкул ж.б. аркылуу белгилүү экенин белгиледи. Бул улуу инсандар Жамбыл, Кенен жана башка көптөгөн акындарды шыктандырып, эки элдин ортосундагы маданий тыгыз байланыштарды бекемдеп келген. Муну менен катар кыргыз профессионал адабиятынын баштоочулары Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевдин, Касмалы Баялиновдун алгачкы чыгармалары казакча чыккан гезит-журналдарга жарыяланып турган. Ал эми атактуу акындар Магжан Жумабаевдин, Сакен Сейфуллиндин ырларынын кыргыз адабиятына таасири күчтүү болгон.

 

Сүйүнбек Касмамбетов ошондой эле «Манас» эпосун изилдөөгө кошкон Чокан Валихановдун жана Мухтар Ауэзовдун өзгөчө салымдарын белгилеп өттү. Баатырдык эпос кыргыз жеринде жаралганы менен казак адабиятына жана маданиятына зор таасирин тийгизген.

 

Кыргыз-казак адабий байланышы Чыңгыз Айматов жана Мухтар Шаханов сыяктуу залкар жазуучулардын аркасы менен өнүгүп келе жатат. Алардын чыгармалары адабиятта жаңы мейкиндиктерди ачып, эки элдин ортосундагы терең маданий жана интеллектуалдык байланыштарды чагылдырып турат.

 

Мамлекеттик катчы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында бир тууган казак элинин дархан талаа-түздөрү, касиеттүү эли кеңири сүрөттөлөрүн өзгөчө белгиледи. Анын казак жазуучулары Мухтар Ауэзов, Калтай Мухамеджанов, Олжас Сулейменов, Шерхан Муртаза, Мухтар Шаханов менен болгон достугун жана чыгармачылык байланыштарын муундан муунга баяндап бере турган тарыхый факт катары атоого болот.

 

Сүйүнбек Касмамбетов сөзүнүн аягында эки элдин жакындашуусунда жана кызматташуусунда негизги маселелер болуп кала берген кыргыз-казак маданий байланыштарын сактоо жана илгерлетүү маанилүү экендигин баса белгиледи.

 

Тегерек үстөлдүн ишине Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин, маданият жана маалымат вице-министри Ербол Аликулов, коомдук жана маданий ишмерлер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Связанный пост