ЖКККББ: Рейддик иш-чаранын алкагында бир түндө 41 мас айдоочу кармалды
Рейддик иш-чаранын алкагында бир түндө 41 мас айдоочу кармалды.
ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ИИМдин эки айлык иш-мерчеминин алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чараынын алкагында 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 2842 айдоочулар аныкталды.
Алардын ичинен;
-мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу;
-тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 29 айдоочу;
-ылдамдыкты ашырып айдаган 578 айдоочу;
-каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 24 айдоочу;
Ошондой эле 286 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчун айып короо жайына токтотулду.