ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу каражаттар таратылууда
ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу каражаттар таратылууда. Бул туралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чүй ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн чакан акция өткөрүп, Чүй ЖКККБнын жаңы салынган имараты менен тааныштырып, кызматкерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгүн көрсөтүшүп, ошондой эле кызматтык унаанын атайын каражаттарын, жумуш учурунда керектелүүчү шаймандарын көрсөтүп түшүндүрүп беришти.
Иш-чаранын соңунда атайын окуучулардын коопсуздугу үчүн даярдалган жарык чагылдыруучу каражаттарды таратышты. Бул каражаттар авто унаа айдоочуларына түнкү убакытта жүз метр алыстыкта жаркырап көрүнүп, жол кырсыктарынын алдын алууда чоң жардам берет.
Эскерте кетсек, бул жарык чагылдыруучу каражаттарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы демөөрчүлөрдүн жардамы менен даярдап, 12 миң 200 даана жарык берүүчү каржаттарды өлкөнүн баардык аймагындагы орто мектептерге окуучулар үчүн таратып беришүүдө.