ЖКККББ чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырат

ЖКККББ чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыркы учурларда Армения, Авхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдын унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөбүздөгү чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын дагы жүргүзөөрүн алдын ала эскертет.

Связанный пост