ЖКККББ: Бир жумада 230 мас айдоочу кармалды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 11-декабрынан тартып, 17 декабрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 13 967 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-195;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -230;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-35;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-980;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2428;
-Авто ээнбаштык – 19;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2138;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –7939;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1358 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.