“Бала ырысы” жөлөк пулун 266 миңден ашык бала алууда

 “Бала ырысы” жөлөк пулун 266 миңден ашык бала алууда

Кыргызстанда үч жашка чейинки 266 миң 166 бала “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун алууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын ноябрь айында жөлөк пул төлөөгө 328 млн 20 миң 598 сомдон ашык каражат талап кылынат. Октябрь айына салыштырмалуу алуучулардын саны 13 миң 467 балага көбөйгөн.

Жөлөк пул алууга берилген арыздардын 84 пайызы “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган.

Белгиленгендей, жарандар министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып да, жөлөк пулду тариздей алышат.

Акча каражаты алуучулардын банктык эсептерине которулуп, төлөмдөр ар айдын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт.

Связанный пост