Жайыттарды жакшыртууга 43,4 млн сом грант берилет
Кыргызстандагы 16 айыл аймагына жайыттарды жакшыртуу жана малчылар үчүн шарттарды түзүү максатында 43 млн 441 миң сом грант берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бүгүн “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гранттык келишимдерге кол коюлду.
Бөлүнгөн каражатка мал сугаруучу жайлар жана кудуктар оңдолуп, жайыттарга суу жеткирилет. Ошондой эле алыскы жайыттарга баруучу жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, айрым жерлер тосулат.
Жалпысынан жайыттарды жакшыртуу боюнча 22 сунуш түшүп, анын 16сы жактырылган. Калган 6 долбоордун документтери каралууда.