ЖКККББ: 1842 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды
2025-жылдын 27-январынан тартып, 1-февралына чейин, өлкө аймагында “Жөө жүргүнчү” аталышында рейд өткөрүлүп, жалпы 19317 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Алардын ичинен:
-1842 жөө жүргүнчүгө жолдорду кесип, туура эмес жерлерден өткөндүгү үчүн 1000 сомдон айып салынган;
-4920 айдоочуга жөө өткөлдөрдөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербегендиги үчүн 3000 сомдон айып салынды.
Эскерте кетсек, 2024-жыл ичи катталган жол кырсыктарынын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрду сүзүп кетүү фактылары менен коштолгон.
Ошол себептүү мындай фактыларга жол бербөө максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөргө карата рейддик иш-чараларды уюштуруп, көзөмөлдү күчөтүүдө.