ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 23 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 04-сентябр тартып, 10-сентябрга чейин, 23 199 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-217;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -197;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-54;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 178;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 617;
-Авто ээнбаштык – 2;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5 100;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 829;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 462 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.