ЖК төрагасы: Сот тутуму өнүкмөйүн, өлкөнү реформалай албайбыз
Сот тутуму өнүкмөйүн, өлкөнү реформалай албайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен болгон жолугушууда билдирди.
Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланып, анын ичинен тармакка байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу сөз болду.
“Ар бир судья мыйзам талабын бекем сактап, адилеттүүлүккө, акыйкаттуулукка жана калыстыкка таянуу менен иш алып барышы керек. Анткени, судьянын чыгарган чечими бир эле адамдын тагдырына эмес, жалпы коомдун түзүлүшүнө таасир этери анык” ,– деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле аталган тармакты реформалоо иши жигердүү уланышы керектигине токтолду.
“Сот тутуму өзү тазаланмайын, жалпы өлкөнү реформалай албайбыз. Ошондуктан, Жогорку соттун төрагасы катары аталган маселеге өзгөчө көңүл бурушуңуз керек”,– деди.
Муну менен катар санариптештирүү жана тармактагы жаңы технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ишин ыкчамдаттууга чакырган Нурланбек Тургунбек уулу бул аракеттер соттордун ишин алдыга жылдырууга чоң түрткү берерин билдирди.
Өз кезегинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев тармакты жаңылоо багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, жакында эле өткөн судьялардын XIII курултайынын жыйынтыктары тууралуу жана түзүлүп жаткан шарттар, тутумду санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана киргизилип жаткан заманбап технологияларга токтолду.
“Буйруса жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы сезилерлик деңгээлде болот” – деген пикирин билдирди Медербек Сатыев.