Таласта мунай сактоочу жай курулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө стратегиялык инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, Чүй облусунда биринчи индустриалдык паркты түзүү, ошондой эле ата мекендик машина куроо жана айыл чарба тармактарын мамлекеттик колдоо чаралары каралды.

Кеңешменин алкагында Токмок шаарында LOVOL тракторлорун чогултуу иштерин жүргүзгөн «АгромашХолдинг-ТехСервис» ишканасын колдоо маселеси каралды.

Ата мекендик айыл чарба техникаларын сатып алууну стимулдаштыруу механизмдери, анын ичинде жеңилдетилген лизингди колдонуудагы программаларды өркүндөтүү аркылуу колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы ишканаларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган индустриалдык парк түзүү, мындан тышкары Талас облусунун аймагында мунай сактоочу жай куруу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

Связанный пост