ЖК төрагасы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 ЖК төрагасы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август –  Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тээ эзелтен келе жаткан элибиздин тарыхына, басып өткөн жолуна үңүлсөк бирде биригип, бирде чачылып, нечендеген доорлорду басып өтүп ушул күнгө жеттик. Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдарды камтыган тарыхыбызда ар кыл сыноолорду башынан өткөрүп, оор мезгилдерде, кыйын кезеңдерде мамлекеттүүлүк, эркиндик жана эгемендик үчүн күрөшүн эч качан токтоткон эмес. Учурунда аты ааламга, даңкы далайга жеткен Кыргыз мамлекети болгону дагы тарых чындыгы. Эгемендик – ошол улуу мурастын бүгүнкү жаңы доордогу уланышы жана кайра жаралышы. Анткени мындан туура 34 жыл мурун, 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык, биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланганы белгилүү. Бирок өз алдынчалыкка жетишкен бул жылдар аралыгында өлкөбүздүн басып өткөн жолу жипке тизилген шурудай бир кылка, бир багытта болгон жок. Көп өзгөрүүлөрдү, башаламан, өйдө-ылдый күндөрдү башынан өткөрдү. Саясий туруксуздук, андан-мындан көчүрүлгөн башкаруу системалары, экономикалык каатчылык өсүп-өнүгүүгө бут тосуп, калкыбыздын жашоо-турмушун ого бетер оорлотту. Натыйжада, олку-солку заман, бийлик алмашуулар, саясий коогалуу окуяларга күбө болдук. Бул жагдайларга учуру келсе тарых өз баасын берээр. Бирок тарыхы терең, тамыры кенен элибиздин эгемендикке, эркиндикке болгон умтулуусу эч өзгөргөн жок.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Кыргызстаныбыз эгемен өлкө катары укуктук мамлекет куруунун жолунда өзүнө гана таандык тажрыйба менен ар тараптуу өнүгүүнүн даңгыр жолуна түштү. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич белгилегендей, азыр жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз. Бүгүнкү күндө бардык бийлик бутактары мыйзам үстөмдүгү орногон, күчтүү экономикага ээ, эң алдыңкы мамлекет куруу аракетинде иштеп жатат. Бардык тармактарда жаңылануулар болуп, өлкө ичинде эле эмес, эл аралык өнөктөштүктө дагы ири долбоорлор ишке ашырылууда. Жүздөгөн социалдык мекемелер курулуп, миңдеген чакырым жолдор салынып, айлык-маяналар, пенсия, жөлөк пулдар эселеп көтөрүлүүдө. Инфраструктура жаңырып, ишканалар ачылып, жаңы иш орундары түзүлүүдө. Кайсы гана тармакты албайлы, көз кубантып, көңүлдү көкөлөткөн жаңы ийгиликтер жаралып жатат. Мамлекетти күчтөнтүп, элдин бакубаттуулугун жогорулатуу аракети муну менен эле токтобойт! Азыркы багытыбыз менен алдыга умтулсак, жакынкы аралыкта Кыргыз мамлекетибизди гүлдөгөн өлкөгө айлантарыбыз анык. Ал эми Жогорку Кеңеш башка бийлик бутактары менен эриш-аркак иштеп, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоо аркылуу керектүү мыйзамдарды ыкчам кабыл алууну улантат. Анткени мамлекеттеги ар бир маселе, ар бир реформалык аракет парламентте талкууланып, эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөндө гана жакшы жыйынтык берет. Буга чейин белгилегенимдей, бизге азыр саясий оюндар эмес, алдыга карай дүркүрөп өнүгүү үчүн азыркы ыргагыбыздан талбай аракет кылышыбыз кажет. Ал үчүн ынтымак-ырашкерликте эгемен өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн талыкпай эмгектене берели.

Кадырлуу калайык-калк!

Эгемендүүлүк – эң чоң, баа жеткис байлык жана дөөлөт! Көз каранды эмес, эркин өлкөдө жашоо ар бир элге эле буйруй бербеген бакыт экен. Дүйнөдө эгемендиги менен өз мекени жок жүздөгөн улуттар бар. Алар өз мамлекетибиз дегенде эки көзү төрт. Биздин, Кудайга шүгүр, эркин, эч кимдин көзүн карабаган, эгемен, өз жолунда өнүгүп жаткан өлкөбүз, өз энчибиз бар. Демек, биз бактылуубуз жана эбегейсиз улуу мурастын ээсибиз! Андыктан эгемендиктин кадырын билели, мекендештер! Бабалардан мураска калган ушул кутту бекем сактап, көз карандысыз өлкө деген улуу наамды урпактан-урпакка уланталы! Эгемендүүлүккө аяр мамиле жасоо ар бирибиздин айныгыс милдетибиз!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге ынтымак, өлкөбүзгө өнүгүү каалайм! Кызыл туубуз түбөлүк желбиреп, түндүгүбүз бийик, керегебиз кенен болсун! Кыргызстаныбыздын түбөлүгү түз болуп, эч качан эгемендигибизге доо кетпесин!

Связанный пост