ЖК төрагасы: Өлкөнүн тышкы саясатында парламенттик дипломатиянын ролу чоң
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу парламенттин аппаратындагы Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн, ошондой эле Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кызматкерлерин кабыл алды.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, анда төрага кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң экенин белгиледи.
“Мамлекеттер аралык келишимдердин жана макулдашуулардын бардыгы Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, ратификация болгондо гана ийгиликтүү ишке ашырылат. Андыктан, эл аралык байланыштарга тиешелүү документтерди мыйзамдык жактан бекемдеп, аларды толук иштеп чыгууда сиздердей адистерибиздин салымы зор”, – деди ал.
Ошондой эле өлкөнүн эл аралык алакалары тууралуу да учкай кеп кылган төрага Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзүп, коңшу мамлекеттер жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн бардыгы менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
“Азыркы шартта өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн бардык мамлекеттер менен конструктивдүү иш алып барып, өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген тыгыз алаканы өнүктүрүү зарыл. Андыктан, сиздер мамлекетибиздин Тышкы иштер министрлиги менен бирге учурдагы кырдаалга жана чакырыктарга ылайык парламенттик дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу аркылуу эл аралык байланыштарыбызды өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууңуздар кажет. Араңарда парламенттик алаканы гана кеңейтүүгө салым кошпой, элчиликтерде иштеп эл аралык диалогду чыңдоого да көмөк көрсөтө алгыдай дараметтеги тажрыйбалуу адистер бар экенин билем”, – деген Нурланбек Тургунбек уулу алдыңкы кызматкерлерге Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 24-октябрь – Дипломатия кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.