ЖК Нурдан Орунтаевти курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди

 ЖК Нурдан Орунтаевти курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевти Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Аталган маселе боюнча Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Аманкан Кенжебаев жаңы министрликтин каржы процесстерин, титулдук тизме боюнча маселелерди белгиледи. Депутат Динара Ашимова курулуш нормаларында жаңы технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берүүгө көңүл бурду.  Депутат Айжигит Тыналиев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу жумуштары – реновация өнөктүгү боюнча маселени тактады. Депутат Арсланбек Малиев жакынкы жылдары социалдык обьекттерге болгон муктаждыкты жоюу маселесин айтса, депутат Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунун аймагында курулуп жаткан мектептердин курулушун тездетүүгө көңүл бурду. Эл өкүлү Камила Талиева курулуш тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, аймактарда курулушу жүрүп жаткан обьекттерди өз убагында бүтүрүү жагдайларын белгиледи.  Айыл аймактардын башкы пландарын  бүтүрүү маселесин депутат Ырысбек Атажанов көтөрсө, ал эми депутат Нурбек Алимбеков министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Депутат Айсакаран Абдибаева курулуштардын сапаттуулугун артыруу максатында көз карандысыз техникалык көзөмөл кызматын уюштуруу сунушун берди. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков элдик демилге менен ашар жолунда салынган спорттук жайларды мамлекеттик баланска кабыл алууга көмөк берүүнү суранды. Мындан тышкары депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы ооруканаларды жаңылоо, өнөр-жай ишканаларын курууда техникалык коопсуздук эрежелерине талаптарды күчөтүү маселелерин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевти Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди. Бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Связанный пост