ЖК Маматкановду минкаб төрагасынын орун басарлыгына дайындоого макулдук берди
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна Улан Маматкановду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановду дайындоого макулдук берип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.