ЖК Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди

 ЖК Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы жыйында Канат Сагынбаевди Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Связанный пост