ЖК депутаттары КМШ ПААнын Туруктуу комиссияларынын отурумуна катышты

 ЖК депутаттары КМШ ПААнын Туруктуу комиссияларынын отурумуна катышты

Бүгүн, 27-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Туруктуу комиссияларынын отурумдары өтүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Талайбек Масабиров КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Иш-чарада шериктештик алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Ал эми депутат Алишер Козуев катышкан КМШ ПААнын Агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында тармакка тиешелүү маселелер боюнча мыйзамдык базаны шайкеш келтирүү багытындагы сунуштар каралды.

Мындан тышкары, депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу менен Арсланбек Малиев КМШ ПААнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты.

Эскерте кетсек, ЖК төрагас Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарында жүрөт.

Связанный пост