Жети-Өгүздө мөңгүдө калган Россиянын жараны куткарылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагына караштуу Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогору жагындагы мөңгүдө жабыркаган Россиянын жараны куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 6-июль күнү 1993-жылы туулган Ф.А. аттуу жаран бутунан жаракат алып, өз алдынча ылдый түшө албай, куткаруучуларга жардам сурап кайрылган.
“Куткаруучулар жабыркаган аял кишини 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн табышып, жеринен биринчи жардам көрсөтүү менен тоодон түшүрүп, Каракол шаарында жайгашкан облустук ооруканага жеткиришкен. Куткаруу ишине Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу тартылган”, – деп айтылат маалыматта.