Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында бала бакча курулду
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылында жаңы заманбап бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирет.
Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат жана 100 орунга ылайыкталган. Тайпалык окуу, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана оюн аянтчасы каралган.
Бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 75 млн сомду түздү.