Жети-Өгүз районунда социалдык шаарча курулууда

 Жети-Өгүз районунда социалдык шаарча курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында социалдык шаарча курулууда. Бул тууралуу район башчысы Эрмек Бахавидинов билдирди.

Анын айтымында, жалгыз бой энелерге арналган социалдык шаарча кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жатат. Бул үчүн айылдан 3 гектар жер бөлүнүп берилген.

Район жетекчиси белгилегендей, шаарчага бардык шарттары каралган 100 үй түшөт, ичине эмеректен баштап, кийим-кечегине чейин киргизүү пландалууда. Курулуш иштери май-июнь айларында толук бүткөрүлмөкчү.

“Шаарчага ФАП, кичи футбол аянтчасы, кондитердик цех, мечит курулат. “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду дагы 50 орундуу бала бакча куруп берүүнү убадалады. Бул демилге ишке ашса, бала бакча да салынат. Шаарчанын долбоорунун жалпы сметалык баасы 170 млн сомдун тегерегинде болуп жатат”, – деди ал.

Ошондой эле Эрмек Бахавидинов кошумчалагандай, дагы бир кайрымдуулук фонддун көмөгү менен райондо үч үй жана мечит курулуп, пайдаланууга берилди.

“Ал үчүн биз 15 сотых жер бөлүп бергенбиз. Азыр үйлөргө үч жалгыз бой эне балдары менен кирип жашап жатат”, – деп айтты аким.

Связанный пост