Жети-Өгүз районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады
Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчактагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 74 млн сомду түздү.
Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, тайпалык окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кабылдама, ошондой эле көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы каралган.
Бала бакча 31-август майрамга карата пайдаланууга берилет.