Жээнбек Кулубаев ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты
Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ ТИМК) бейформал жыйынына катышты.
Жыйын Министр Ж.Кулубаевдин төрагалыгы астында өттү жана ага Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери, ТМУнун Башкы катчысы, ошондой эле байкоочу мамлекет катары Мажарстандын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси катышты.
Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында соода, энергетика, транспорт, экология, санариптештирүү, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштар сыяктуу негизги чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүү багыттарын белгиледи. Министр мүчө мамлекеттерди ушул жылы Кыргызстанда өтө турган ТМУнун иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.
Министрлер кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери боюнча пикир алмашып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында Будапешт шаарындагы Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын күн тартиби жана чечим долбоорлору, ошондой эле Уюмдун Катчылыгынын каржылык документтери бекитилди. Мындан тышкары, Венгриядагы ТМУнун Өкүлчүлүгүнүн Аткаруучу директорун дайындоо жөнүндө чечимге кол коюлду.