Жээнбек Кулубаев: Россиядагы мекендештер 1-сентябрга чейин кара тизмеден чыкпаса, депортация болот

Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, буга президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу кайрылуусунун натыйжасында мүмкүн болду. Бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат жана узартылбайт.
Учурда 70 миңге жакын кыргызстандык кара тизмеде, бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыккан.
“Урматтуу жарандар, убакытты текке кетирбей, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар.
“Сентябрга чейин убакыт бар да”,- деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, анан үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн.
1-сентябрга чейин жогоруда белгиленген реестрден чыкпасаңыздар, депортация болосуздар.
Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл”, – деди министр.
Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн төмөнкү аракеттер талап кылынат:
– Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге түшүүңүздүн себебин тактаңыз.
Эгерде дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсоңуз:
– Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;
– Аймактарда жашагандар РФ ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;
– Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат.
Эмгек келишимдин негизинде:
– Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;
– Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;
– Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айып пул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.
Жээнбек Кулубаев белгилегендей, бул процедураларды үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү керек.
Ошондой эле россиялык тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты. Бул кошумча мүмкүнчүлүктү пайдалануу кажет.
“Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот.
Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз”, – деп баса белгиледи ал.