Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды

 Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды

4-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-азербайжан эки тараптуу мамилелеринин маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжан Республикасына болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги сапарлар талкууланды.

Связанный пост