ЖЭБди калыбына келтирүү. Учурда 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду

 ЖЭБди калыбына келтирүү. Учурда 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду

Учурда Бишкектеги 200 үй ысык суу менен камсыздоо системасына кошулду, деп билдирет “Бишкекжылуулуктармагы” — “Электр Станциялар” ААКтын филиалы.

Маалыматка ылайык, этап-этап менен керектөөчүлөргө ысык суу бере баштады.

“Жылуулук алып жүргүчтөрдүн параметрлери калыбына келтирилген райондордо ысык суу бериле башталды”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

 

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Связанный пост