ЖЭБде учурда 1,1 миң адам жана 32 техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

 ЖЭБде учурда 1,1 миң адам жана 32 техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бүгүн, 5-февралда саат 16:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде ӨКМден 55 куткаруучу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.

Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирет.

Связанный пост