Жеңил өнөр жайындагы бир катар товарларга маркировка коддорун алууга болот
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Россия Федерациясынын аймагында бир катар жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү түрдө маркалоого тийиш экендигин билдирет.
Экспортерлор жана өндүрүүчүлөр Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддоруна заказ бериши керек.
Жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддорун Улуттук маркалоо жана маркаланган товарларын көзөмөлдөө боюнча операторунун main.teksher.kg сайтынан заказ берсе болот.
Мындан тышкары, “Атыр жана даараткана сууларына”, “Фотоаппараттарга жана лампа-жарыктарына”, “Бут кийимдерге” жана “Сүт азыктарына” маркалоо коддорун алууга болот.
Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан алууга болот.
Маркалоого тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси | |
ТЭИ ТН коду | Аталышы |
6105 | Эркектер же балдар үчүн машина менен же колдо токулган трикотаж көйнөктөр |
6113 00, 6210 | Кийизден же токулбаган кездемелерден, импрегнацияланган же капталган текстилдик материалдардан жасалган кийимдер (сырткы кийимдердин гана бөлүгүндө) |
6101, 6102 | Пальтолор, курткалар, плащтар, капюшондуу плащтар, анорактар, шамалдан коргоочу, бороон-чапкын кийимдери жана ушуга окшош трикотаж же токулган буюмдар |
6205 | Эркектер же балдар үчүн көйнөктөр |
6206 | Аялдар жана кыздар үчүн блузкалар, жана блузондор |
6214, 6215 | Жоолуктар, кашнелер, мантилалар, пардалар жана ушул сыяктуу буюмдар, галстуктар, көпөлөк галстуктар жана моюн жоолуктары |
6211 20 000 0, 6211 32, 6211 33, 6211 39 000 0, 6211 42, 6211 43, 6211 49 000 | Спорттук жана лыжа костюмдары, атайын кийимдердин тиешелүү буюмдары |
6103 | Эркектер же балдар үчүн машинада же колдо токулган трикотаж, костюмдар, комплекттер, блейзерлер, пиджактар, шымдар, комбинезондор, бриджилер жана шорталар |
6104 | Аялдар же кыздар үчүн машинада же колдо токулган трикотаж костюмдар, комплекттер, курткалар, блейзерлер, көйнөктөр, юбкалар, юбка-шым, шым, комбинезондор, шым жана шорталар |
6203 | Аялдар же кыздар үчүн машина же колдо токулган трикотаж костюмдар, комплекттер, курткалар, блейзерлер, көйнөктөр, юбкалар, юбка-шым, шым, комбинезондор, шым жана шорталар |
6204 | Аялдар үчүн же кыздар үчүн костюмдар, комплекттер, курткалар, блейзерлер, көйнөктөр, юбкалар, юбка-шым, шым, комбинезондор, бриджилер жана шорталар |
6112 11 000 0, 6112 12 000 0, 6112 19 000 0, 6112 20 000 0 | Машинада же колго токулган спорттук, лыжа костюмдары |
6110 | Свитерлер, пуловерлер, кардигандар, жилеттер жана ушул сыяктуу машинада же колдо токулган трикотаж буюмдары |