Жазгы айдап-себүүгө 58,5 миң тонна кылкандуу дан үрөнү топтолду

Бүгүнкү күңдө жаздык айдап-себүүгө өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 90 пайыз камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
2025-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республиканын аймактарын үрөн менен камсыздоо үчүн жалпысынан 64,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 58,5 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, же камсыздалганы 90,5%ды түздү.
Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 20,5 миң тоннаны түзсө,топтолгону 18,4 миң тонна же камсыздоо 89,5%. Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 43,9 миң тонна болсо, топтолгону 40 миң тонна, же камсыздоо 91% түздү.
Мындан тышкары, сулу, кара күрүч, соя, күрүч жана тамекинин үрөндөрү 100% камсыз болду.
Ошондой эле жүгөрү 93,8%, күн карама 99%, дан буурчак 99,9%, сафлор 97,9%, пахта 85,5%, картошка 95,5%, беде 46,2 эспарцет 56,9 кант кызылчасы 55,7% үрөндүк материалдары менен камсыздалган.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сапатын текшерүү максатында департаменттин аймактык башкармалыктары тарабынан анализге үлгү (проба) алынып жаздык кылкандуу дан эгиндеринин – 19,7 миӊ тонна үрөнү текшерилген, анын ичинде жазгы буудай 6,9 миӊ тонна, жаздык арпа 12,7 миӊ тонна.
Текшерилген үрөндүн кондицияга жеткен кылкандуу дан өсүмдүктөрү 19 миӊ тонна же 32,5% түзөт, жаздык буудай 6,7 миӊ тонна, же 36,5 %, жаздык арпа 12,3 миӊ тонна же 30,77 %.