Жарым жылда Талас облусу жалпы 403,5 млн сомго каржыланды

 Жарым жылда Талас облусу жалпы 403,5 млн сомго каржыланды

Талас облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 403,5 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

 

теңдөөчү трансферт – 96,5 млн сом;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы),

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 5,7 млн сомго каржыланган,

бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө каржыланган – 1,3 млн сомго каржыланган.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен – 64,9 млн сом бөлүнүп берилди.

 

Ошондой эле 2024-жылдын 22-майында №261-т тескемесине ылайык 300 млн сом каржыланды. Ошентип, жалпы сумма 468,4 млн сомду түздү.

Связанный пост