Жарым жылда көлдөрдөн 86 миң метрден ашык тор чыгарылды
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан өлкөдөгү суу объектилеринде жалпы 160 рейд өткөрүлдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө суудан жалпы 86 миң 550 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана 1 655 кг таштанды чыгарылды.
Рейддер Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарында жүргүзүлдү.
“Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпы 948 миң сомдон ашык доо коюлуп, мыйзам бузгандарга 320 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик суу экосистемасын сактоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чараларды өлкө аймагында үзгүлтүксүз улантарын эскертет.