Жапалак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктады
Жапалак айылында Ж. Сасыкбаев 51 көчөсүндө фельдшердик-акушердик пункттун (ФАПтын) жаңы имаратынын курулушу аяктап, социалдык имарат менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, калаа башчысы үстүбүздөгү жылдын июль айында Жапалак айылынын тургундары менен жолугушкан. Анда жергиликтүү жашоочулар эски имараттын ордуна жаңы ФАПтын имаратын куруу боюнча кайрылышкан.
ФАПтын курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, үч ай ичинде толугу менен аягына чыкты.
Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологтун, терапевттин бөлмөлөрү, откана бар. Жакын арада имарат пайдаланууга берилет.