Жамангулов: Бишкек шаары түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп аталды

 Жамангулов: Бишкек шаары түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп аталды

Учурда борбор калаада KIT-2025 форуму өтүүдө. Анда Бишкек шаары – түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп аталды. Бул тууралуу санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди.

Форумдун быйыл Түрк мамлекеттер уюмунун демилгеси менен өтүп жаткандыгын белгилеген министр “Биз боордош мамлекеттердин өкүлдөрүн, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Мирвохид Азимовду тосуп алганыбызга абдан кубанычтабыз. Анын бул иш-чарага катышуусу түрк дүйнөсү үчүн санариптик маселелердин канчалык маанилүү экенин далилдейт», — деди.

Министрдин айтымында, быйыл Бишкек шаары расмий түрдө Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору деп аталды. Бул – санариптик инфраструктураны өнүктүрүүдөгү, адам капиталын жана аймактык кызматташтыкты бекемдөөдөгү биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө биз жасалма интеллект экономикада, өнөр жайда, билим берүүдө жана мамлекеттик башкарууда негизги ролду ойноп, технологиялык өзгөрүүлөр өтө тез жүрүп жаткан доордо жашап жатабыз. Кыргызстанда жасалма интеллект санариптик трансформация стратегиясынын өзөгүн түзөт», — деди Жамангулов.

Министр белгилегендей, Кыргызстан бул жаатта өсүп жаткан потенциалын көргөзүп, жасалма интеллектти киргизүүгө даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде 174 өлкөнүн ичинен 99-орунду ээледи. Ошондой эле социалдык жактан маанилүү изилдөөлөр үчүн маалыматтарды колдоонуу долбоорлору сыяктуу жарандык технологияларды жана өкмөттүк эмес демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

«Мындан тышкары белгилей кетсем, Кыргызстан санарип өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча БУУнун (EGDI) рейтингинде 193 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээледи. Бул өлкөнүн ушул изилдөөгө катышкан тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч жана заманбап маалыматтык коомду куруу багытындагы олуттуу кадам», — деп белгиледи министр.

“Кыргызстан коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, улуттук тилди өнүктүрүүдө жана жергиликтүү таланттарды колдоодо жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен алдыга карай жылууда. “Бул форумда берилген идеялар менен билимдер санариптик тармактагы жаңы ийгиликтерге негиз болуп берет деп ишенем», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Азамат Жамангулов KIT-2025 форуму ачык диалог жүргүзүү, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн уникалдуу аянтча экенин белгиледи. «Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору гана болбостон, ушул жылдын ичинде өзүнө инновациялык идеялар менен долбоорлорду топтоочу борборго айлана турган Бишкек шаарында чогулуп жаткандыбыгыздын өзү өтө маанилүү», — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Связанный пост