Жалпы ишембиликте Ош шаарынан 2100 куб таштанды чыгарылды

Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембиликке шаардык мекеме-уюмдардын, муниципалдык, мамлекеттик кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, шаар куруу жана коммуналдык чарба кызматкерлери, МАБдардын, Жапалак айыл аймагынын адистери, спортчулар жана жеке ишканалардын кызматкерлери катышты.
Ишембиликте ар бир мекеме өздөрүнө бекитилген аймактардагы бак-дарактарды актоо, арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жалпы 10 миңден ашык бак-дарактар акталып, 10 чакырымга жакын арыктар тазаланды.
“Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтен кийин 2100 куб таштанды чыгарылды.
Жалпысынан Ош шаары боюнча шаардык ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.

Связанный пост